Саясат

Президенттин маалымат кызматынын башчысы Нургазы Анаркулов пара талап кылды деп кармалды

Ири өлчөмдө пара талап кылган деп шектелип президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматта Анаркулов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик кызматка талапкер болуп жаткан адамдан маселени оң жагына чечип берүүнү убадалап акча талап кылганы айтылат.
Аталган факт боюнча Кылмыш кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Анаркулов бүгүн, 30-январь күнү, колго түшүрүлүп, УКМКнын Тергөө башкармалыгына алып келинди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button