Камчыбек Ташиев Нургазы Анаркуловдун кармалышы боюнча пикирин билдирди
Бүгүн Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов пара талап кылган деп шектелип УКМК тарабынан кармалган эле. Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев пикирин билдирди.
«Ишибизге байланыштуу бир нече ирет жолубуз бириккен, башыбыздан көп нерселер өткөн. Аны жакшы жагынан гана билем. Эми УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Анаркуловду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик кызматка талапкер болуп жаткан адамдан маселени оң жагына чечип берүүнү убадалап акча талап кылды деген шек менен кармап отурат. Мындай мыйзамсыз аракеттер элдин бийликке ишенимин кетирип, кадырын түшүрөт», — деди Ташиев.
Бирок төрага экөөнүн тааныштыгы жана жакын мамилеси иштин иликтенишине таасир этпей турганын, эгер Анаркуловдун күнөөсү далилдене турган болсо, мыйзам алдында жооп берерин кошумчалады.