Депутат Камчыбек Жолдошбаев кечирим сурап, окуянын чоо-жайын билдирди

Кечээ, 28-январда таңкы саат 09:30 чамасында Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүнүн чыгыш тарабын көздөй бараткан Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин Lexus үлгүсүндөгү автоунаасына аты белгисиз чолок көчөдөн чыга калган Mercedes автоунаасы жол бербей, кагылыш жасаган. Бул тууралуу депутаттын басма сөз кызматы билдирди.
“Биринчи даражадагы Чокморов көчөсүндө бараткан Lexus автоунаасына жол бербей, экинчи даражадагы чолок көчөдөн капыстан чыга калып, Mercedes автоунаасы жол жүрүү эрежелерин одоно бузду.
Жол кырсыгынан кийин Mercedes автоунаасынын айдоочусу митаамдык кылып, Lexus автоунаасына келип, анын рулда олтурган айдоочусуна эмес, арткы орундугунда олтурган депутат Камчыбек Жолдошбаевге асылып, “оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып”, жол кырсыгына депутатты айыптап, анын документтерин көрсөтүүсүн талап кылып, чагым жасап, депутат ачуулангандан кийин аны видеокамерасына тартып алып, социалдык тармактарда каралап таркатууда. Жол кырсыгынан кийин эки машина тең жол инспекциясынын айып аянтчасына токтотулган.
Азыр компетенттүү органдар жол кырсыгынын себептерин иликтеп, документтештирүүдө. Биз мунун баары мыйзамдуу болушун каалайбыз жана мыйзамга баш ийебиз. Депутат Камчыбек Жолдошбаев бул жол кырсыгынын айынан айыпкерлердин чагымына жооп берем деп, ачууга алдырганы үчүн коомчулуктан кечирим сурайт”,– деп айтылат билдирүүдө.