Саясат
Бүгүн премьер-министрликке талапкерлер каралат

Бүгүн, 1-февралда саат 11:00дө Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Күн тартибинде премьер-министр кызматына талапкер каралат. Ошондой эле өкмөттүн курамы жана түзүмү талкууланат.
Иш-чара Жогорку Кеңештин жыйындар залында өтөт.