Коом

Базарда уурдалган акча кылмыштын изи сууй электе табылды.

Кызыл-Кыя шаарынын “Таштемир Ажы” базарында 2021-жылдын 31-январында белгисиз атуулдар Ноокат районунун Ынтымак айылынын 20жаштагы Э.Ннын кол сумкасынын ичинен акча салынган капчыгын уурдап кетишкен.

Капчыктын ичинде арыздануучунун 10500сом акча болгондугун билдирип милицияга кайрылган. Бул материал Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин (уурулук) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кылмыштын изи сууй электе Кызыл-Кыя ШИИБнин милициянын участкалык уполномоченныйлары менен кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери Кадамжай районунун Уч-Коргон айылынын 41жаштагы Х.Ону (аял киши) аныктап кармашкан. Кылмышка шектүү Х.Онун жанынан уурдалган капчык табылып алынып, уурдалган акча өз ээсине кайтарылган.

Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button