Саясат

Улукбек Марипов расмий түрдө премьер-министрлик кызматка көрсөтүлдү

Премьер-министрлик кызматка Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун талапкерлиги көрсөтүлдү.

Учурда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы жаңы өкмөттүн курамын карап жатат.

Көпчүлүк коалиция көрсөтүлгөн талапкерлерди жактырса бул маселени тиешелүү комитет карайт, андан соң парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Марипов Эсеп палатасынын төрагасы кызматында 2016-жылдын март айынан бери иштеп келе жатат. Ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинини орун басары болуп турган.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшыргандан кийин өкмөт толугу менен отставкага кеткен. Жаңы өкмөттү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы курайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button