Коом
Жумгалда 3 жаштагы бала пневмониядан чарчап калды

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Байзак айылында 3 жаштагы бала пневмония илдетинен улам каза болду. Бул тууралуу аймактык оорукананын башкы дарыгери Таалай Уркунчиев ММК булактарына билдирди.
Башкы дарыгердин айтымында бала 19-январь күнү саат 12:30 чамасында өтүшүп кеткен оорусу менен келген. Ошол эле күнү түнкү саат 23:00до чарчап калган.
«Оорунун алгачкы белгилери аныкталса, үйдө жата бербестен дароо ооруканага кайрылуу керек. Райондук штаб калк арасында санитардык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн тапшырмаларды берүүдө», — деп билдирген ал.