Окуялар

Күйөөсүн балта менен чапкан. Таласта 27 жаштагы келин кармалды (Фото)

Талас облусунда күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип, 27 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

30-январь күнү саат 06:30 чамасында Манас районунун Новодонецк айылынын тургунунун жансыз денеси өзү жашаган үйүнүн короосунан табылган. Окуя Манас РИИБинде маалыматтарды эсепке алуу журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгышкан.

Тергөө-ыкчам тобу тарабынан окуя болгон жерге барып, жеринен кароо жүргүзгөн учурда, үйүнүн кире бериш бөлмөсүндө 1994-жылы туулган Х.Н. аттуу жарандын жансыз денеси жаткан. Денесинде учтуу нерсе менен кесилип урулган жаракат белгилери болгон.

Иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектелип маркум жигиттин аялы кармалып, Кара-Буура РИИБде камакка алынды. Ал жолдошу экөө уруша кетип, күйөөсүн балта менен чаап өлтүргөн. Азыркы убакта аталган факт боюнча экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Экөөнүн ортосунда 3 бала болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button