Ош шаарынын аймагында кайырчылык менен алектенип жүрүшкөн 29 жаш өспүрүм аныкталды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 30-31-январь күндөрү Ош шаарынын аймагында «Кайырчы» деген аталыштагы профилактикалык рейд өткөрүштү.
Рейд учурунда шаар аймагында кароосуз калган, оор социалдык шарттарда жашаган, тилемчилик менен алектенген жаш өспүрүмдөрдү аныктоо, аларды мыйзамсыз эмгекке тартуунун алдын алуу учурларына өзгөчө көӊүл бурулду.
Ош шаарынын аймагында кайырчылык менен алектенип жүрүшкөн 29 жаш өспүрүм аныкталды. Алардын ичинен 7 өспүрүм балдар үйүнө орноштурулду. 22 өспүрүм балдарды реабилитациялоо борборуна жеткирилип, ата-энелери, жакын туугандары менен маектешүүлөрдөн соӊ, эскертүү берилип кое берилди. Жашоо шартты оор жагдайда жашаган 4 өспүрүм тууралуу, алардын мындан кийинки ал-абалдарын, жашай турган жерин карап чыгуу максатында тиешелүү маалыматтар Ош шаарынын мэриясынын алдындагы балдар комиссиясына жөнөтүлдү.
Рейд учурунда ишке тартылган 18 жашка чейинки 18 өспүрүмдүн ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 4 ата-энеге Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 61-беренесине ылайык протоколдор түзүлдү.
Интернет клубдарында отурушкан 31 өспүрүм аныкталып, эскертүү менен ата-энелерине өткөрүлүп берилди.
Рейд учурунда мурда катталган 16 кылмыштын бети ачылды.
Ош ШИИБдин Басма сөз кызматы