Өкмөттүн алмашкан жаңы курамы жарыяланды (Тизме)

Өкмөттүн жаңы түзүлгөн курамы жарыяланып, тизме белгилүү болгонун ММК булактары жазып чыгышты.
Премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов айткандай эле өкмөттүн түзүмү өзгөргөн. Алсак, биринчи вице-премьер гана калып, калган үчөө жоюлган. Айрым министрлик, комитеттер бириктирилди.
Жаңы өкмөттүн болжолдуу курамы:
Биринчи вице-премьер — Артём Новиков;
Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;
Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
Юстиция министри — Асел Чыныбаева;
Маданият министри — Кайрат Иманалиев;
Экономика жана финансы министри — Улукбек Карымшаков;
Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
Саламаттык сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.
Бүгүн Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды. Ал өкмөттүн түзүмү менен курамын парламентке киргизмек.