Коом
Коронавирус. 58 кишиден аныкталып, Бишкекте эки бейтап каза тапты

Бир суткада 58 кишиден вирус аныкталып, эки бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Вирус жуктургандар аймактар боюнча:
Бишкек шаарында — 18,
Чүй облусу — 24,
Талас облусу — 1,
Нарын облусу — 2,
Ысык-Көл облусу — 11,
Жалал-Абад облусу — 1,
Баткен облусу — 1 .
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.
Март айынан бери 84 миң 646 киши вируска чалдыгын, 1 миң 414 бейтап көз жумду.