Бектур Асанов Бишкек ЖЭБ боюнча катышты бар деп күнөөлөнгөн Атамбаевдер акталбашы керектигин билдирди

Жогорку сот эртең, 3-февралда ТЭЦтеги коррупция ишин караганы жатат. Ал арада саясатчы Бектур Асанов бул иште коррупцияга аралашкандар жазасыз калбашы керек деген пикирин «Азаттыкка» билдирген.
«Бийлик сотту «мыйзам чегинде карагыла» деп коюшу мүмкүн. Ошондуктан сот жоопкерчиликтен качып, соттун өкүмдөрүн жокко чыгарып, биринчи инстанцияга жиберип жатат. Же тергөө иштери өтө чабал жүргөндөн кабар берет. Далилдер алсыз. Эми алдыдагы үч айдын ичинде бардыгы анык болот. Себеби азыркы шайланган жаңы бийликтин кадамдарын шайлоочулар байкап турат. Ал эми азыркы системанын түптөлүшүнө мурдагы президент Атамбаев жана анын командасы күнөөлүү. Ошондуктан алар таптакыр акталып кетиши мүмкүн эмес. Бишкек ЖЭБине байланыштуу коррупциялык иште бир аттиштин баасы 600 доллар болгону түшкө кирбеген окуя. Ошондуктан жакынкы 10-15 жылдын ичинде Атамбаевдин командасы жоопкерчиликти тартышы керек. Эгер жаңы бийлик алар менен сүйлөшүп алып, актай турган болсо алардын келечеги жакшы болбойт», — деп баса белгиледи Асанов.