Саясат

Президент Садыр Жапаровдун кезектеги кайрылуусу

Улукбек Марипов башында турган өкмөттүн жаңы курамы талкууланып жатат. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Facebook социалдык түйүндөгү баракчасына пикирин жарыялады.

Кайрылуу:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Биз өлкөбүздү алдыга жылдыруу, мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу, казынадан акча уурдоону токтотуу, ашыкча органдарды оптимизациялоо үчүн революция жасадык. Келиңиздер: «Мен революция жасадым, ошондуктан өмүр бою ушул кызматта калышым керек» дегенди токтотолу.

Бул биринчиден.

Экинчиден, кадрдык саясаттын көз карашы боюнча, бул Акаевдин, бул Бакиевдин, бул Атамбаевдин же Жээнбековдун кадры деген эски түшүнүктөн арылалы. Эгерде ушул бойдон кете берсек, өлкөбүзгө билимдүү адистерди таба албайбыз. Анда кадрларды башка планетадан издөөгө туура келет.

Үчүнчүдөн, министрлик кызматка тигил же бул талапкер ал Садыр Жапаровго кастык мамиледе болду деп айтылган сындарга жооп бергим келет. Азыр касташа турган учур эмес. Чыдамкай бололу. Жараткан чыдамкайлар тарапта.

Биз ар бир министрликке мурункудай тааныш-билиш менен эмес, ошол тармактагы адистерди алабыз. Ар ким өзүнүн иши менен алектениши керек. Ал мурунку адатынча уурдай берсе, анда дароо камалат.

Бул үчүнчүдөн.

Төртүнчүдөн, бүгүнкү күндө 48 министрлик, комитеттер, агенттик жана ведомстволор бар. 30 жылдан бери кимдир бирөөгө кызмат тийбей калса, дароо министрлик түзүп калышкан.

Алар казынадан миллиарддаган акча коротуп, бирок элге эч кандай пайда алып келбейт. Таблицада көрүнүп тургандай, ашыкча болгондордун баарын кыскартып, болгону 12 министрлик калды. Энергосистемадан эле 2 миллиард сом үнөмдөлөт. Кичинекей Кыргызстан үчүн 12 министрлик көп. Бирок азырынча ушундай кылдык.

Биз «Жети өлчөп, бир кес» принциби менен аракет кылабыз.

6,5 млн адамдын кызыкчылыктарын бир революционердин кызыкчылыгы үчүн тепселебейли.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button