Саясат
КРдин экс-президенти Сооронбай Жээнбеков Меккеге кичи ажылыкка – Умрага кетти.

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков Меккеге кичи ажылыкка – Умрага кетти.
Ал жубайы менен эртең менен Стамбулга учуп кетип, андан ары Джиддага (Сауд Аравиясы) жол алат.
Белгилей кетсек, бул сапарга экс-президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясынын королунун чакыруусу менен жөнөп кетти. Бул сапарды Жээнбеков 2020-жылдын ноябрынан баштап пландаган. Пандемиядан улам зыяратчыларга кирүү чектелген жана бул сапардын процедурасына ылайык, расмий чакыруу алынуусу зарыл. Чакыруу 2021-жылдын февраль айынын башына карата келип түштү. Кичи ажылык зыяраты 10 күндөн ашуун уланып, андан соң С.Жээнбеков Бишкекке кайтып келет.
Пресс катчы Т.Стамалиева



