Дүйнө
Токмоктон чыккан миллиардер Алижан Ибрагимов көз жумду

Бельгияда миллиардер Алижан Ибрагимов каза болду. Ал Кыргызстанда «Граф» каймана аты менен таанымал. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда ЖМКлар жазып чыкты.
Алдын ала маалыматка караганда, Ибрагимов коронавирустан улам каза тапты. Ал Токмок шаарында жерге берилет.
Ибрагимов 1953-жылы 5-июнда Өзбекстандын Фергана облусунда төрөлгөн. Токмок шаарында жашаган. Ачык булактарда анын 6 баласы бар экени айтылып келет.



