Коом

Коронавирус. Акыркы суткада 116 кишиден вирус аныкталып, бирөө каза тапты

Өткөн суткада коронавирус 116 адамдан аныкталып, 130 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Кечээтен бери Жалал-Абад, Ош, Талас, Нарын аймактарынан бир да адамдан вирус табылган эмес.

Жуктургандар:

Бишкек – 54;
Чүй облусу – 45;
Ош облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 11;
Баткен облусу – 1.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 84 762ге жетти. Анын ичинен 81 232си айыкса, 1 415 адам каза тапты.

Ал эми акыркы суткада каза болгон бейтап, Бишкек шаарындагы ооруканаларда дарыланып жаткан.

Учурда стационарларда 533 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы маалым болду. Анын ичинен 139 бейтаптын абалы оор болсо, 32 адамдын абалы өтө оор деп бааланып жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button