Улукбек Марипов: Мындан ары ишкерлерге кысым болбойт

Биздикилер Грузиянын тажрыйбасын үйрөнөбүз деп бара берип тажатыптыр. Бул туурасында премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов парламенттин жыйынында билдирди.
Премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып жаңы өкмөттүн курамы кантип тандалганын айтып берди.
Эл өкүлү Жанар Акаев азыркы өкмөттүн курамына элде нааразычылык көп болуп жатканын айтып, министрликтердин санын кыскартуу реформа эмес экенин белгиледи. Тескерисинче, текшерүүчүлөрдү, салыктын түрлөрүн, бюрократияны кыскартуу реформа деп аталарын айтты.
Аны менен катар Грузияны мисал келтирип, 2003-жылкы бийлик алмашуудан кийин реформалар болгонун эске салды. Учурда кыргыз эли да жаңы бийликтен керемет күтүп жатканын айтып өттү.
«Тилекке каршы, Грузияга Кыргызстандан делегация бара берип, алар да тажаптыр. Башында премьер-министр тосуптур, анан вице-премьер, азыр жөнөкөй эле бир адис тосо турган болуп калыптыр. Ошон үчүн кайра-кайра барып аларды тажатпай, окуп келген нерсенин жок дегенде эки пунктун ишке ашырабыз», — деди Марипов.
Ошондой эле ал жакында өкмөт экспорттук жана импорттук товарлар чек арадан кыска аралыкта каттоодон өтө тургандай токтом кабыл ала турганын кошумчалады.



