Коом
Токтогазиев: Кыргызстанда кумшекердин запасы 3 айга, өсүмдүк майы 5 айга гана жетет

«Мен атайын комиссия түзүп, кампаларга барып кагазда жазылгандардын бардыгын жеринде текшерип чыгууну өтүндүм. Башка ведомстволор менен Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтары биздикине дал келген жок. Биз маалыматты альтернативдик жол менен алдык. Кагаз түрүндөгү жазуулар жарандарга азык болуп бербейт», — деди ал.
Токтогазиев болочок министрди кампалардагы азык-түлүктү тыкыр көзөмөлдөөгө үндөдү.
Белгилей кетсек, Улукбек Марипов тарабынан түзүлгөн жаңы өкмөттүн курамында министрликтин структурасы өзгөртүлүп, ага Тилек Токтогазиев кирген эмес.