Улукбек Марипов: Финполдун тагдыры чечиле элек, бирок, ИИМге кошулбайт

Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында өкмөт башчылыкка сунушталган Улукбек Марипов Финансы полициясынын жоюлуп, милдеттерин Ички иштер министрлигине өткөрүү тууралуу пикирин билдирди.
Ал аталган кызматты бириктирүү боюнча коомдогу ар түрдүү пикирлерден кабары бар экенин, ошентсе да бул өзгөртүү мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатканын белгиледи.
«Эгер биз Кыргызстандын экономикасын көтөрөбүз десек, анда таразанын бир жагына бардык бизнесмендерди, экинчи жагына бир адамды коюп таразалайлы. Мен оюмча, бул жерде мамлекеттин тагдыры жогору турат. Ар бир жетекчи өзүнүн напсисин, каалоосун өзүнчө отуруп сүйлөшүш керек. Бул органдын текшерүүчү мидеттеринде бир катар маселелер бар. Аны да карап көрөбүз. Бирок, ИИМдин курамына киргизилбейт. Өзүнчө орган катары каралышы мүмкүн», — деди Марипов.
1-февралда айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Финансы полициясынын милдеттери Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилерин жазды.
Мындан тышкары Мамлекеттик каттоо кызматы жана анын алдындагы «Унаа» ишканасынын милдеттери да ИИМдин карамагына өткөрүлөт. Бул өзгөрүүлөр кызуу талкуу жаратууда.
Депутат Улан Примов Финполду Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүүнү сунуштады.
«Салык кызматынын алдында экономикалык кылмыштар менен күрөшүү туура болот», — деди ал.



