Коом
УКМК Бишкекке көп кабаттуу үй курууга тендер жарыялады

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарына көп кабаттуу үй курууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, пландалган сумма 580 млн 935 миң сомду түзөт.
Техникалык спецификацияда 9 кабаттуу турак үйдүн курулушун долбоордук документтерине ылайык, 105А сериясында социалдык-маданий жана турмуш-тиричилик шарттары менен баштан аяк бүтүрүү пландалууда деп айтылат.



