Жогорку Кеңеш Улукбек Мариповду премьер-министр кызматына бекитти

Жогорку Кеңеш өкмөттүн түзүмүн жана курамын, ошондой эле премьер-министр кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды.
Мариповдун талапкерлигин көпчүлүк коалициясына кирген «Республика-Ата Журт» фракциясы көрсөткөн.
Ал бир нече жолу реформаларды жүргүзүп, айрым бөлүмдөрдү бириктирүүнү көздөп жаткандыгын билдирди. Эми президент Садыр Жапаров аны дайындоо жөнүндө жарлыкка кол коймокчу.
Өкмөттүн жаңы курамы төмөнкүдөй:
Улукбек Марипов — премьер-министр
Артем Новиков — биринчи вице-премьер-министр
Улугбек Кармышаков — экономика жана каржы министри, вице-премьер-министр
Жеңиш Асанкулов — Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси
Таалайбек Өмүралиев — Коргоо министри
Руслан Казакбаев — Тышкы иштер министри
Асел Чынбаева — Юстиция министри
Алымкадыр Бейшеналиев — Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри
Алмазбек Бейшеналиев — Билим берүү жана илим министри
Кайрат Иманалиев — Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри
Бобек Ажикеев — Өзгөчө кырдаалдар министри
Улан Ниязбеков — Ички иштер министри
Гүлмира Абдралиева — Транспорт, архитектура жана коммуникация министри
Кубанычбек Турдубаев — Энергетика жана өнөр жай министри
Камчыбек Ташиев — УКМКнын төрагасы.



