Коом

8-февралдан тарта Бишкектен Москвага жумасына алты ирет авиарейс каттай баштайт

8-февралдан тарта Кыргызстандан Россияга каттаган авиарейстердин саны өсөт. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн сайтында жазылган.

«8-февралдан тарта Москва — Бишкек каттамы жумасына бир каттамдан алты каттамга чейин көбөйтүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин жумасына бир эле рейс аткарылып турган.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматына караганда, мындай чечим эпидемиологиялык кырдаалдын турукташкандыгына, ошондой эле жаңы коронавирус инфекциясынын кирүүсүн жана жайылуусун алдын алуу боюнча ыкчам штабдын көрсөтмөсү боюнча кабыл алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button