Окуялар
Кара-Балтада батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды

Кара-Балтада батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 3-февралда саат 19:07де куткаруучулар Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын Коммунистическая көчөсүндө жайгашкан №11 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 60-65 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылган.
Маркумдун жансыз денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.



