Саясат
Депутат Сайдулла Нышанов «Ата Мекен» партиясынан чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов «Ата Мекен» партиясынын тизмесинен чыкты. Бул тууралуу эл өкүлү өзү парламенттин жыйынында билдирди.
Премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып жаңы өкмөттүн курамы кантип тандалганын айтып берди.
Бул анын жеке чечими болгонун, мындан ары фракция мүчөсү жана депутат катары ишин уланта турганын айтты.
Ал эми партиядан кетишине саясий уюмдагы кээ бир адамдар менен келише албай калганы себеп болгонун кошумчалады.
Ошондой эле Нышанов алдыда эч бир партияга мүчө болуп кирүү ниети жок экенин белгиледи.