Окуялар

Лейлекте түн ичинде автоунаалардын аккумляторун уурдаган жаран кармалды (Фото)

2021-жылдын январь айынын орто чендеринде Лейлек районунун тургундары арыз менен кайрылышкан. Алардын турак үйлөрүнүн ичинен үйгө керектелүүчү буюмдар, короосуна токтотуп койгон автоунааларынын аккумляторлору, автоколонкалары уурдалып кеткендигин билдирип арыз жазышкан.

Жалпысынан 5 арыз алынып, Лейлек РИИБнин КЖБРне Жоруктар жөнүндө кодексинин 90-беренеси (орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) менен катталып текшерүү иштери башталган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Тайлан айылынын 29жаштагы А.К.аттуу тургуну аныкталып кармалып, уурдалган боюмдар өз ээлерине кайтарылып берилди.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button