Саясат

Төрт-Гүлдөгү канал Тажикстанга өтүп кеткенби? Премьер-министр Улукбек Мариповдун жообу

Кечээ премьер-министр Улукбек Марипов парламентте өкмөттүн курамы каралып жатканда каналдын башы өтүп кеткенин айткан.

«Төрт-Гүл суу сактагычына келген каналдын башын дагы, тилекке каршы, алдырыптырбыз. Мен бул боюнча дагы тактадым. Бул жерде стратегиялык маселелер бар», — деп айткан Марипов.

Эл өкүлдөрү бул жагдай боюнча тиешелүү комитеттерге тапшырма берип, Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматын угууну сунуштады.

«Кечээ премьер-министр Улукбек Асамидинович Баткен облусундагы Төрт-Гүл суу сактагычы тууралуу кызык жагдайды айтып алды. Эгер анын сөзүнө ишене турган болсок иш чатак жагына айланат. Маселе оор жагдайда карала турган болсо, анда тез арада депутаттык комиссия түзүшүбүз керек», — деди Икрамов.

Ошондой эле жакында жазгы талаа иштери башталарын белгилеп, маселени эртерээк күн тартибине киргизип кароо керектигин айтты.

Кыргызстанга тиешелүү Төрт-Гүл суу сактагычы Тажикстан менен чектешет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button