Окуялар

Ат-Башыда жол кырсыгынан эки адам каза болуп, үчөө оор жаракат алды

Ат-Башы районунун Ак-Кокту тилкесинде «Ауди С4» жана «Тойота Ипсум» унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен эки эркек киши каза болуп, үч адам оор жаракат алган.

Жерине куткаруучулар тартылып, жабыркаган адамдарды Ат-Башы райондук ооруканасына жеткиришкен, ал эми каза болгондорду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button