Коом
Салык кызматы январда салыктар боюнча планды 1 млрд сомго ашыгы менен аткарды
Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын январь айында 6 млрд 555,9 млн сом салык жана төлөм чогултту. Белгиленген план 119 %га аткарылды же 1 млрд 45,9 млн сомго ашыгы менен жыйналды.
2020-жылдын январына салыштырмалуу салыктар 1 млрд 724 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 135,7 %ды түздү.
МСКнын басма сөз кызматы



