Коом

Ошто мектеп окуучулары ууланып ооруканага түштү

Ош облусунун Д.Султанов атындагы мектеп-интернатынын 3-классынын 6 окуучусу 2-февралда тамакка ууланып Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасына жаткырылган.

«Кабар» агенттигине аталган ооруканадан билдиришкендей, ооруканага түшкөн балдар эмнеден ууланганы аныктала элек.

«Бардык окуучуларда кусуу, ич оору, алсыздык жана баш айлануу симптомдору байкалган. Бүгүнкү күндө алардын абалы канааттандырарлык. Экөө ооруканадан чыгарылган», — деп кабарлашты агенттикке.

Ооруканадан белгилешкендей, балдардын ата-энелери жана ууланган баланын биринин айтымында, ал мектептин жанындагы дүкөндөн татууларды сатып алып, достору менен бөлүшкөн. Сатып алынган татуулардан ууланганы болжолдонууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button