Коом

Правдоруб.кг баракчасынын артында Атамбаевдин тарапташтары турганы белгилүү болду

Убагында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигин болушунча шыбап, акыркы 4 айда жаңы бийликти, Садыр Жапаровду шыбамайга болгон күчүн жумшаган Фейсбуктагы Правдоруб.кг деген баракчанын артында Атамбаевдин жактоочулары турганы ачыкталууда.

Мээрим Асанова күйөөсү менен, Нурзада Токтогулова, Юлия Барабина дегендер УКМКга суракка чакырылды. Алар Правдоруб.кг баракчаны алып барышчу экен.

Ушулар эле Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштешкен.

Мээрим Асанова – Сегизбаевдин көздөй адамы Алмаз Үсөновдун балдызы. Нурзада менен Юлия тээ качантан бери Алмаз Атамбаевдин командасында, анын арыгын чаап келишкен.

Ал арада Атамбаевчи депутат Ирина Карамушкина бүгүн парламенттин жыйынында жарк этти. Көптөн бери көрүнбөй кеткен Карамушкина парламенттин трибунасынан Атамбаевди колдогон жалындуу сөзүн айтып коюп эле, жылт койду. Анын айтымында, азыркы бийлик АШАчыларды кордоп жатыптыр. Жада калса блогер кыздарды да суракка чакырууда деп кейий сүйлөдү.

Ошентип, Атамбаевдин идеологиясын жүргүзүп келаткан адамдардын да, медиаресурстардын да жипке тизген шурудай иштеп жатканын Ирина Карамушкина парламенттеги сөзү менен “тарс” эткизе бекемдеп салды.

Правдорубдай баракчаларды, өзүнүн «Апрель ТВсын» Жээнбековго каршы күнү бүгүнкүгө чейин акчасын чачып, активдүү колдонуп жатат. Карамушкина бүгүнкү күнү Атамбаевчилердин парламенттеги рупору. Анын маанайына караганда, Атамбаев эми жалданма баракча, медиаресурстарын жаңы бийликке каршы да агытчудай. Баса, Атамбаевге боор тарткандардын катарына бир топ оор басырыктуу сайттар да кирет. Атамбаевге байланыштуу сот иштерин, митингдерди тынбай чагылдырып келаткандардын сап башында айрым маалымат агенттиктер бар. Албетте, бекер эмес. Атамбаев булар үчүн “щедрый источник” болуп келген жана болуп кала берет.

Алтынбек Жумашев

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button