Коом
Коронавирус. 88 кишиден аныкталып, дагы эки бейтап каза тапты

Акыркы суткада 88 кишиден вирус аныкталып, дагы эки бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда жаңы жуктургандар:
Бишкек шаарында — 33,
Ош шаары — 2,
Чүй облусу — 28,
Ош облусу — 8,
Талас облусу — 2,
Нарын облусу — 3,
Ысык-Көл облусу — 10,
Жалал-Абад облусу — 2 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында жана Баткен облусунда бирден бейтап каза болду.
Март айынан бери 84 миң 920 киши вируска чалдыгып, 1 миң 420 бейтап көз жумду.