Коом

Улуттук банк сатыкка дагы 38 миллион доллар чыгарды

Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги валюталык интервенция жүргүздү. Мекеменин маалыматына караганда, 4-февралда сатыкка 38 миллион доллар чыгарылды.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар 2020-жылдын март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган.

Учурда акча алмаштыруучу жайларда доллар 84,9 сомдун тегерегинде болуп жатат.

Улуттук банк 28-январда 45 миллион 700 миң долларды сатыкка чыгарган. Бул өлкөнүн башкы банкынын 2021-жылдагы биринчи жана он айдан бери эң көп суммадагы интервенциясы болуп калды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button