Унаа сатып алууда жана сатууда жаранга толук кандуу өткөрүп берүү сунушталды

Кайгуул кызматына жарандардан мурдагы сатып жиберген авто унааларын жөн гана келишимдин негизинде саткандыктан ал унаанын документтеги мыйзамдуу ээси болуп калып, аны сатып алган жарандар тарабынан жасалган жол кыймылынын коопсуздук эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салынып, ал токтомду камтыган кат мурдагы саткан жарандын дарегине барып жатканын айтып, арызданып келгендер көп катталууда.
Мындай кайрылуулар менен Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнө 2020-жылдын 12 ай ичинде 2062 арыз түшүп, анын ичинен 236 авто унаанын айдоочулары издөө бөлүмү тарабынан табылып, арыз ээлери менен жолугуштурулган. Анын ичинен 46 авто унаа сот аткаруу тутумуна жөнөтүлгөн. Калган авто унааларды издөө иштери уланууда.
Эгер авто унааны сатып жаткан жаран ошол учурда сатып алган жарандын өзүнө толук кандуу өткөрүп, же ошол жарандын дарегине каттатып бербесе, кийин сатып алган жарандын жол эрежесин бузгандыгы тууралуу айыппул ошол жарандын дарегине келип түшөт.
Милициянын кайгуул кызматкерлери авто унаанын убагынан өтүп кеткен айыппулун текшерип, факт аныкталса айып короого токтотуп жаткандыгы да ошондон. Андыктан Кайгуул кызматы жарандарды авто унааны сатып жаткан учурда толук кандуу сатып алган жаранга өткөрүп берүүнү сунуштайт.
Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы