Кыргызстандыктарга коронавируска каршы эмдөө 3 этап менен жүргүзүлөт. Тизме

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүүнүн Улуттук планын иштеп чыкты. SARS-CoV-2 вирусу козгогон коронавирустук инфекциянын алдын алуу боюнча вакциналар Кыргыз Республикасынын аймагына каттоосуз алып келүүгө жана колдонууга уруксат берилген дары-дармектердин Атайын тизмесине киргизилген. Кыргыз Республикасында каттоодон өткөрүү үчүн документтерди даярдоо боюнча Sputnik V вакцинасынын өндүрүүчүлөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөнү үч этап менен жүргүзүү пландаштырылууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги калкты этап-этабы менен эмдөөнүн планын түзүп, тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүп, Каржы министрлигине тапшырды.
Иммундаштыруу боюнча Эксперттердин Илимий-Техникалык Тобунун (ИЭИТТ) сунуштарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги эмдөө үчүн калктын артыкчылыктуу топторун аныктады:
1-этапта калктын ≤ 3% эмдөө пландаштырылууда:
кызыл зонада, ҮДТ, ҮМБда иштеп, инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу жогору жана өтө жогору болгон медициналык кызматкерлер;
оорулардын оор формасын пайда кылуу же өлүмгө алып келүү тобокелдиги жогору болгон интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнүн, жана тез жардам кызматынын дарыгерлери;
узак мөөнөттүү кам көрүү мекемелеринин медицина кызматкерлери жана жумушчулары;
оорунун күчөп кетүү тобокелдиги жогору социалдык-демографиялык топтор;
вакцинаторлор, билим берүү мекемелеринин мугалимдери, укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери, тейлөө чөйрөсүнүн, соода жана коомдук тамактануу жайларынын кызматкерлери.
Экинчи этапта, COVAX программасынын алкагында келе турган вакциналар менен эмдөө жүргүзүү пландаштырылууда, ал:
60 жаштан жогору курактагы адамдар,
өнөкөт оорулар жана клиникалык тобокелдик факторлору бар 60 жашка чейинки адамдар,
калктын социалдык аялуу катмары.
Экинчи этапта эмдөө жүргүзүү үчүн АстраЗенека вакцинасы (Оскфорд, Англия-Индия) 504,000 дозада келиши күтүлүүдө.
Болжол менен вакциналар: марттын башында 40% га чейинкиси (201000 доза); 60%ы (302 600 доза) – үстүбүздөгү жылдын май-июнь айларында келет. COVAX программасы (ГАВИ) июнь-июль айларынын аралыгында 1,3 миллиондон ашуун адамды камтыйт.
3-этапта эмдөө иштери мамлекеттин жана донордук уюмдардын эсебинен улантылат.
Муздатуу тизмектери менен камсыз кылууга байланыштуу бардык маселелер эл аралык жана донордук уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта изилденүүдө.
Эмдөө пункттарын ачуунун алдын-ала планы дагы иштелип чыккан:
– Бишкек шаарында 5 эмдөө борбору уюштурулуп, анда 4 Бириккен ҮМБ жана №7 ҮМБнын базасында тобокелдик топко кирген 1000 адамды эмдөө пландаштырылууда.
– Чүй облусунда – Сокулук жана Ысык-Ата райондорунун ҮМБсында 2 пункт ачуу;
– Ош шаарында дагы 2 ҮМБда ачуу пландалууда.
Эмдөө процессине ыкчам байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында, калган эмдөө пункттары республиканын бардык аймактарында ачылат. Эмдөө жүргүзүүгө өлкөдөгү бардык окутулган эмдөө кызматкерлери тартылат.
Ошондой эле, электрондук кезекке туруу, эмдөөдөн кийинки мүмкүн болгон реакциялар тууралуу маалымат берүү санариптик тиркемелерин түзүү, иммунологиялык паспорт берүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Мындан тышкары, Россия тараптын мүмкүн болгон сатып алуулар, анын шарттары жана баа саясаты боюнча чечим кабыл алышы күтүлүп жаткандыгын белгилей кетүү керек. РФга 500 000 доза вакцина алуу боюнча өтүнүч кат жөнөтүлдү. Вакциналардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасында Россиянын вакцинасынын технологиялык өндүрүшүн уюштуруу маселесин изилдөө уланууда.