Миллиардер — «Графты» акыркы сапарга узатууга кыргыз саясатчылары да барышты

Белгилүү казакстандык ишкер жана миллиардер, Токмок шаарынын ардактуу атуулу Алижан Ибрагимовдун сөөгү кечээ, 4-февралда Токмок шаарында жерге берилди.
«Форбс» журналынын рейтинги боюнча Ибрагимов Казакстандагы байлардын тизмесинде 5-орунда.
Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жогорку Кеңештин депутаттары: Садык Шер-Нияз, Динара Исаева, Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев, Пархат Тулендыбаев, өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров, парламенттин мурдагы депутаттары , Өмүрбек Бабанов, муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана башкалар барган.
Коштошуу митингинде маркумдун үй-бүлөсүнө Нурсултан Назарбаевдин, азыркы президент Касым-Жоомарт Токаевдин, казак парламентинин төрагасынын жана премьер-министринин көӊүл айтуу каты окулду.
Ибрагимовдун өнөктөштөрү — миллиардерлер Патох Шодиев, Александр Машкевич, Муса Бажаевдер көзүнө жаш алып сөз сүйлөштү. Коштошуу зыйнатын кыргыз тараптан Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров ачып, ал президент Жапаровдун атынан маркумдун үй-бүлөсүнө көӊүл айтты. Андан башка, кыргыз тараптан бир да саясатчы сөз алып сүйлөшкөн жок.




