Окуялар

Таксисттин акчасын жана телефонун уурдаган шектүү жаран кармалды. Фото

2021-жылдын 5-январда болжол менен саат 06:25 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Кызыл-Аскердеги кичи маркеттердин биринде токтоп турган унаадан чөнтөк телефон жана акча уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1998-жылы туулган У.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси такси кылып жатып, өзүнүн кардары кичи маркеттердин биринен суу алып берүүнү өтүнгөн. Таксист кичи маркеттен суу алып чыкканча, кардары унаадагы “Самсунг Ж6” үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана 1500 өлчөмүндө акчасын алып, башка унаа менен белгисиз тарапка качып кеткен.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары М.М. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button