Коом
Коронавирус. 72 адамдан аныкталып, дагы үч бейтап каза тапты

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан үч киши каза тапса, 72 адам инфекцияны жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония катталган жаңы учурлар:
Бишкек — 27
Ош — 2
Чүй облусу – 16
Ош облусу — 4
Талас облусу — 1
Нарын облусу — 12
Ысык-Көл облусу – 3
Жалал-Абад облусу – 5
Баткен облусу – 2
Учурда Кыргызстан боюнча стационарларда 492 бейтап, амбулатордук дарыланууда 596 адам бар. Ооруканада жаткандардын ичинен 133 бейтап оор, 32 киши өтө оор абалда жатат. Тилекке каршы, Бишкек шаарынан бир, Чүй облусунан эки адамды коронавирус алып кетти», — деп айтылат маалыматта.