Окуялар

Милициянын кайгуул кызматкерлери каракчылыкка шектүү жарандарды кармады

2021-жылдын 5-февралында болжол менен саат 06:00 чамасында Бишкек ШИИББнын «102» кызматына Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа жуучу жайдан бычак менен коркутуп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1994-жылы туулган О.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда ошол эле даректен белгисиз жарандар арыз ээсин бычак менен коркутуп, акча жана чөнтөк телефон опузалап талап кылышкан .

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Ж.Ы. аттуу жаранды кармашып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button