Шашылыш билдирүү! 8-10-февралда туруксуз аба ырайы күтүлөт
2021-жылдын 8-10-февралдарында туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, 8-февралда күндүз жана 9-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаашы күтүлөт. 9-февралда зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 8-9-февралдарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
2021-жылдын 8-февралынан 10-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
КР ӨКМги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2021-жылдын 5-февраль күнү тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.
2021-жылдын 8-февраль күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат
КүндүзЧүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.