Димаштын теги кыргызбы же казакпы? Ырчынын атасы жооп берди

Казакстандык ырчы Димаш Кудайбергендин атасы Канат Айтбаев түпкү теги туурасында сөз кылып жатып, аларда кыргыздардын каны жоктугун айтты. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.
Билдирүүнү ырчынын атасы Айтбаев Instagram баракчасы аркылуу тараткан.
Эске салсак, социалдык тармактарда «ырчынын улуту ким, кыргызбы же казакпы?» деген талаш башталып кеткен. Кеп Димаштын түпкү теги кыргыздарга барып такалат деген маанайдагы маегинен кийин чыккан. Бир катар ЖМКлар ырчынын түпкү атасы кыргыздар, алар XVIII кылымда Казакстанды байырлап калып, жергиликтүү эл менен тез эле ассимиляция болуп кеткен деген тейде жазышкан.
Ырчынын атасы анын чоң энеси Рахима Быламык уруусунан экенин айтып берген. Ал аял Талпак уруусунан болгон, кыргыз уруусунун жээни Төлебай аттуу кишиге турмушка чыккандыгын жазган.