Коом

Бишкекте 2 күндүк “Бахус” аталышындагы рейдтик иш-чарада 219 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды.

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу, наркотикалык заттар менен же мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо, ошондой эле авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, же унаага жана айдоочуга тийешелүү документтери жок айдаган айдоочуларды аныктоо, ошону менен бирге мындан башка да адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудуруп, одоно жол эрежелерин бузган айдоочуларга карата 05 -07-февраль күндөрү атайын “Бахус” аталышындагы рейдтик иш-чара өткөрүлүп, жалпысынан 219 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Анын ичинен;
-Авто унааны айдоочулук күбөлүгү жок айдоо 18;
-Авто унааны мас абалында башкаруу 3;
-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын күңгүрттөп, караңгылатып айдаган айдоочулар 6;
-“Коопсуз шаар” долбоору алкагында орнотулган видео көзөмөлдөр аркылуу төлөнбөгөн айып пулдар боюнча 20.
-172 ар канда багыттагы жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузу.

Жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн, 48 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button