Саясат
Финполдун төрагасынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыкты

Финполдун төрагасынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын башкы прокурорунун келтирген өтүнүчүн сот карап чыгып, Жамгырчиев мамлекетке зыян келтирилгени үчүн 20 миллион сом төлөгөндүгүн эске алып, баш коргоо чарасын өзгөртүү сунушун канааттандырган. Тактап айтканда, үй камагына чыгарган.
Эске салсак, Эмил Жамгырчиев 2020-жылы 19-октябрда кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан аткезчилик фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөгө байланыштуу маселелерди оң чечүү үчүн жеке ишкерден пара алышкан.