Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен жаш баланын үй-бүлөсүн таап беришти

ШИИББнын “102” кызматына Ала –Тоо борбордук аянтында кичинекей бала адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2011-жылы туулган Ы.Б. аттуу кичинекей бала үйүн таппай адашып жүргөндүгү аныкталган.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери милициянын старшинасы Абдрасулов Айбек жана милициянынын кенже сержанты Салаватов Эрлан ошол замат чечим кабыл алып, жаш баланын жашаган дарегин жана жакын туугандарын издеп табуу иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде жаш баланын жашаган дарегин таап, атасына сак саламат жеткирип беришти.
Милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине жаш баланынын Г.С. аттуу атасы рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирди.