Окуялар
Түндө Бишкек шаардык сотунун эшигин бузуп киргендер изделип жатат

Бишкек шаардык сотунун имаратынын ичине 10-февралга караган түнү белгисиз адамдар эшикти бузуп киришкен. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.
«Бардык документтер ордунда. Жарандык, кылмыш жана административдик иштер жоголгон эмес», — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



