Коом
Коронавирус. 82 адамдан аныкталып, 3 бейтап каза тапты

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 82 адамдан табылып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык жаны жуктургандар аймактар боюнча:
Бишкекте – 32,
Чүй облусунда – 32,
Ош облусунда – 1,
Нарын облусунда – 2,
Ысык-Көл облусунда – 12,
Жалал – Абад облусунда – 1,
Баткен облусунда — 2
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте — 3 адам каза болду.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 253 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 923 киши айыгып чыкса, 1 миң 436 адам каза болду.



