Алмамбет Шыкмаматов: Түлеевдин ишинде мамлекеттик рейдерликке жол берилген

Кечээ КР Жогорку соту экс-депутат Нариман Түлеевге карата козголгон иштердин райондук, шаардык инстанциялардагы өкүмдөрүн жокко чыгарды. Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн бул иш тууралуу азыноолак айта кетели.
2012-жылы КР Жогорку Кеңешинин депутаты Нариман Түлеевге ошол кездеги Башкы прокурор Аида Салянова тарабынан кылмыш иши козголгон. Депутаттык кол тийбестикке карабай, мыйзамдар одоно бузулуу менен кармоо болуп, Н. Түлеевдин балдарына карата да күч колдонулган. Бул иш дароо эле Жогорку Кеңеште каралып, анда депутат Нариман Түлеевге Башкы прокурор Аида Салянова менен УКМК төрагасы Шамиль Атаханов Эсеп палатасынын жалган актысынын негизинде, Н. Түлеев мэр кезинде мамлекетке көп миллиондогон суммага зыян келтирген деп айып коюшкан. Акыры депутатты камакка алышып, ишин сотко өткөрүшкөн. Негизги айыптоо шаарга алынган автобустардын жана таштанды ташуучу машинелердин наркы 2 эсе кымбатка алынгандыгы деп айтылат.
Жактоочулар жана көз карандысыз эксперттер автобустар керек болсо рынок баасынан да төмөн баада алынганын далилдешкен.
Ошол кезде мэрияда иштеген дагы башка адамдарга да кылмыш иштери козголуп, аларга да болуп көрбөгөндөй кысым көрсөтүлгөн. Алардын бири тергөөчүлөр кысым көрсөтүп жаткандыгын айтса, аны сот залынан эле дароо он жылга кесип жиберишкен!
Акыры Н. Түлеевге негизги айыптоолор: 1. Автобустарды алып келүүдөгү баалардын жогору болушу (баасы эмес), 2. Таштанды ташуучу машинелердин жогорулатылган баасы боюнча коюлган.
Ал эми “Тазалык” ишканасы менен “Бишкекавтопаркы” ишканасы эч кандай зыян келтирилбегендигин айтып чыгышкан. Эң кызыгы, Эсеп палатасынын аудитору ага туура эмес маалымат берилгендиктен жалган акт жазгандыгын айтып чыккан. Айтор, коюлган айыптарга ондогон жүйөөлүү далилдер келтирилсе да, акыры Н. Түлеевди соттор эркиндиктен ажыратышкан.
Себеби башынан эле бул иш саясый буйрук менен ишке ашып жаткандыгы айдан ачык болчу. Президент А. Атамбаев өзүнүн кол бала соттору, тергөөчүлөрү, прокурорлору аркылуу өзү каалаган саясый өкүмдү чыгартууга жетишкен. Ошол эле учурда Н. Түлеевдин атасынын, Н. Түлеев бизнесте жүргөндө тапкан кирешелери мыйзамсыз конфискацияланып алынган.
Арадан 9 жыл өткөн соң, Жогорку сот жогоруда келтирилген иштер боюнча төмөнкү инстанциялардагы сот чечимдерин жокко чыгарды. Акыры акыйкаттык орной тургандыгына көз жетти. Биз ушул иш боюнча пикирин сурап, Юстициянын экс-министри, экс-депутат Алмамбет Шыкмаматовго кайрылган элек:
— Негизи эле Нариман Түлеевге тиешелүү кылмыш иштери, сот өкүмдөрү мыйзам бузуулар менен коштолуп, көз көрүнөө саясый боек сүртүлгөн иш болчу. Бир эле жагдайын алсак, Нариман Түлеевдин атасына тиешелүү, Нариман Түлеевдин мамлекеттик кызматка келе электеги бизнесте жүрүп тапкан кирешелерин мамлекет кара күчкө, ошол кездеги бийликтин өкүмзордугуна салып алып койгон. Муну юристтер эмес, жалпы карапайым эл деле башкача түшүнүп турган. Башынан эле мамлекеттик деңгээлде рейдерлике жол берилип калган. Азыр эми Н. Түлеевдин иши кайра адилеттүү каралышы керек.
Эгерде биз азыр адилеттикти, калыстыкты орнотуп, мыйзамдуулукту Нариман Түлеевдин иши аркылуу калыбына келтирбесек, анда мындан ары ушундай жаман өнөкөттөр кайталана берет. Ошондуктан биз Нариман Түлеевдин иши аркылуу сот адилеттүүлүгү, мыйзамдуулугу орноп, бардыгын ийне-жибине чейин териштирилип, сот ачык түрдө өтүп, мыйзамдуулук орношуна кызыкдар болушубуз керек. Менин оюмча, Жогорку соттун кечээги чечими туура болду. Кеч болсо дагы калыстык калыбына келип жатканы жакшы көрүнүш,- деди Шыкмаматов.



