Милициянын кайгуул кызматкерлери телефон уурдоого шектүү кызды кармады

Кечээ, 10-февралда Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Бишкек шаарынын Д.Сяопин көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде балдар урушуп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1988-жылы туулган Б.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректеги кафелердин биринен арыз ээсинин 16 000 сом турган чөнтөк телефонун жашыруун түрдө белгисиз жарандар уурдап кетишкен.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган М.С. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.
Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы



