Коом
Турсунбай Бакир уулу: Мамлекет муфтияттын ичи ишине кийлигишпеши керек

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Кыргызстандын муфтиятынын айланасында болуп жаткан окуялар боюнча пикирин билдирди.
Бакир уулунун айтымында, мамлекет муфтияттын ички ишине кийлигишпеши керек.
“Муфтиятты мен билем, акчаларды медреселерге жана башка мусулмандардын муктаждыгына жумшайт. Мисалы, Түркиядан айрымаланып Кыргызстан молдолорго айлык коюп берген жок, бир тыйын бөлүп бербейт. Мен ойлоп атам Кудайдан корккон адамдар өздөрү туура эле максатта адал жол менен айландырышат. Бүгүнкү күндө мечиттер “коммерческий” мекеме катары бардык акысын төлөйт. Муну түнкү клубдар менен теңдештирип койгон. Аларда го “оборот” бар, а бул жерде эч нерсе жок намаз окуп эле чыгып кетесиң”, – деп билдирди Турсунбай Бакир уулу.
Булак: Элдик-Медиа