Коом
УКМК: Талас облусунун Сот департаментинин башчысына пара сунуштаган ишкер кармалды (ФОТО)

10-февралда Талас облусунун Сот департаментинин башчысынын кабинетинде Э.Р.А. деген ишкер пара берип жаткан жеринен УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды.
УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын берген маалыматына караганда бул ишкер сатып алынган товардын баасын (автокаражаттар) жана автоунаа кызматын көрсөтүү боюнча бааларды жогорулатып жибергенин жашырып берүү максатында Сот департаментинин башчысына 50 миң сом пара сунуштап жаткан жеринен кармалды.

Бул иш боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталып, КР КЖКнын 328-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыш иши ачылды.

Ал эми пара сунуштаган ишкер убактылуу кармоочу жайга кармалды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.