Окуялар

Милициянын кайгуул кызматкерлери телефон уурдоого шектүү жаранды кармады

2021-жылдын 11-февралында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына болжол менен саат 19:45 чамасында Горький жана Б.Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен чөнтөк телефонумду уурдап кетишти деген маалымат келип, түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1975-жылы туулган Т.А. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен жүргунчү ташыган маршурттук унаанын ичинен арыз ээсинин пальтосунун чөнтөгүнөн баасы 30 000 сом турган “Хонор 10” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун белгисиз жарандар уурдап кетишкен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган А.У. аттуу жаранды кармашып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 200-берененин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндурүшкө алынды.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button